Манас районунун баш имам хатиби «Ардактуу аксакал» ордени менен сыйланды

Талас облустук администрациясы эл үчүн жасаган үзүрлүү эмгектерин эске алып, Талас облустук казыятынын Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Кыргыз Республикасынын «Ардактуу аксакалы» ордени менен сыйланды.

Мындан башка Талас облус боюнча алты ардактуу инсандарга ордендер тапшырылды.

Аталган иш-чарага Талас облусунун ыйгарым укукту өкүлү Айбек Бузурманкулов, Ардактуу инсандардын коомунун төрагасы  Соорбек Кыдыралиев баштаган бир катар аксакалдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.  

Бул сыйлык Миржалал ажынын Ислам дининин асыл баалуулуктарын жана бир катар кайрымдуулук иштерин жасап, элди ынтымакка жана биримдикке чакырганы үчүн берилген.