Аалымдар Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, Кыргызстан мусулмандарынын VII Курултайын өткөрүү чечими кабыл алынды

Бүгүн, 11-февралда  Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинде кезектеги протоколдук жыйын өткөрүлдү. Жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча жазган арызы каралып, бир добуштан канааттандырылды. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын VII Курултайын өткөрүү чечими кабыл алынды. Курултай ушул жылдын 5-апрелинде өткөрүлмөк болду.

Эске салсак, Кыргызстан мусулмандарынын курултайы жаңы устав боюнча 4 жылда бир чакырылып, Азирети Муфтий, Аалымдар Кеңеши жана Борбордук Текшерүү Комиссиясынын төрагасы курултай делегаттары тарабынан ачык добуш менен бекитилет.