Нурбек кары Орунбаев: Мектеп доорундагы күн кийинки келекчектин пайдубалы

Ош облустук мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айылындагы №27 Тажиниса Турдубаева атындагы орто мектебине барып, мектеп окуучуларына суицид жана талап-тоноочулук боюнча терс көрүнүштөрдөн оолак болууга,  илим-билим алууга, ата-эне менен мугалимдерди урмат кылууга чакырып, Ислам динин асыл баалуулуктарынан кеп кылды.

Иш-чарага Жалпак-Таш айылынын имамы Аюбкан Азимканов жана мектеп окуучулары катышты.

«Мектеп доорундагы күн кийинки келекчектин пайдубалы. Бул убакта болгон күчүбүздү билим алууга жумшап, келечек үчүн даяр болуубуз шарт. Келечек билимдүүлөрдүн колунда. Кандай гана кесип болбосун мыктыларынан болгула. Жараткан Аллах жолуңарды ачык кылсын», — деди Нурбек кары Орунбаев.