Кара-Кулжа районунда аялдарга үй-бүлө баалуулуктары боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ош облусунун Кара-Кулжа ройонунун башкы имам хатиби Дастан ажы Мамаевдин демилгеси менен районго караштуу Кашка жол айыл аймагындагы «Беки Ата» мечитинде имамдын көзөмөлү алдында аялдар үчүн үй-бүлө маселеси, бала тарбиясы жана Ислам дининин асыл баалуулуктары боюнча окуу семинары өткөрүлүүдө.

Аялдар үчүн уюштурулган окуу семинарына атайын дасыккан мугалимдер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү лекция өтүүдө.

«Ар бир мечиттин имамы өзүнүн айылдаштарына салттуу Ханафий мазхабы менен Матуриди акыйдасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек. Зарылчылык учурда мындай сабактарды дайыма өтүп турса пайдалуу. Бардык диний окутуулар жергиликтүү имамдардын көзөмөлү алдында болуусу кажет», -деди Дастан ажы Мамаев.