Алайда борбордук мечиттин айланасына 20 түп карагай көчөтү отургузулду

Ош облусуна караштуу Алай районундагы борбордук мечиттин айланасын тазалоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүршүндө 20 түп карагай көчөтү отургузулду.

Иш-чарага Алай районунун башкы имам хатиби Тиллабай ажы Кадыров, хатибият кызматкерлери   жана жергиликтүү жамаат катышты.

“Ислам дини тазалыктын белгиси жана Алла тазылыкты сүйөт. Тазаларды гана кабыл алат. Жаздын келүүсү менен атайын мечиттин айланасын жашылдандыруудабыз.  Жардам көрсөткөн бардык жарандарга ыраазычылык билдирем”, -деди Тиллабай ажы Кадыров.