КМДБнын Россиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев мамлекетибиздин тынчтыгын тилеп дуба кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев Москва шаарында эмгектенген мекендештер менен жолугушту.

Жолугушууда өлкөдө болуп жаткан соңку кырдаалга карата элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин тынчтыгын тилеп, дуба кылышты.

«Куран Алла Тааланын сөзү. Андыктан ар бирибиз дайыма өлкөбүз үчүн дуба кылып турушубуз зарыл. Мусулмандын куралы дуба болсо, Алла Таала дуба кылган пендесин жакшы көрөт. Андыктан мамлекетибизде дайыма тынчтык болуп, элибиздин пейили жакшырып, ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак бололу»,-деди Сүйүнбек ажы.