Жети-Өгүздүн Липенка айылынын жаштарына радикалдашуу коркунучу тууралуу ачык сабак өтүлдү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылынын жаштарын коомчулуктагы терс көрүнүштөрдөн оолак болууга үндөгөн иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага жергиликтүү мечиттин имамы Бактыбек Эмилбаев жана Ичке-Булуң айылынын имамы Улан Орозбаев тарабынан уюштурулуп, ага жогорку класстын окуучулары менен  мугалимдер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө экстремизм менен терроризмдин алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, зордук-зомбулук, суицид, ата-эне жана мугалимдерге болгон урмат-сый тууралуу баяндамалар жасалды.

“Мындай профилактикалык иштерди биз байма-бай өткөрүп келебиз. Максаты келечек муундун өкүлдөрүнө  радикалдашуу коркунучу жөнүндө туура жана так маалымат жеткирип, алардын экстремизм жана терроризмден алыс болуусун камсыздоо болуп эсептелет. Мындан тышкары таалим-тарбия багытында да тийиштүү маалыматтарды жеткирип турабыз”,—деди Талантбек Акылбек уулу.