Кызыл-Суулук жеке ишкер айылдаштарына акысыз 40 тонна көмүр таратты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу  Кызыл-Суу айылында жардамга муктаж  30 үй-бүлөгө 30 тонна көмүр акысыз таркатылды. Ошондой эле дагы 10 тонна кара алтын аймактын борбордук мечити менен райондогу имамдарга бөлүнүп берилди. Бул тууралуу жергиликтүү хатибияттын баш имамы Талантбек Акылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, кайрымдуулук акциясы Кызыл-Суу айылынын тургуну, жеке ишкер Сардарбек Аттокуров уюштурган.

“Сардарбек агабыз мындай кайрымдуулук иштерин жыл сайын уюштуруп келет. Ал Кызыл-Суу айылынын тургундарына байма-бай көмөктөшүп, өзгөчө колунда жокторго колдоосун аябайт. Бул жылы да ошондой кайрымдуулук акцияларынын бири ишке ашты. Бирок бул жолкусунда дин кызматкерлеринде да кол сунулуп, акысыз көмүр таратылды.  Мындан улам  Кызыл-Суу айылынын тургундары жана Жети-Өгүз районунун хатибиятынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз”,—деди Талантбек Акылбек уулу.