Жети-Өгүздө ысырапкерчиликке бөгөт коюу аракеттери уланууда

Бул сапар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тилекмат айылында ысырапкерчиликти жоюу боюнча атайын жыйын болуп  өттү. Анын алкагында өлүм-житимдерде ашыкча чыгымдарга жол бербөө жана маркумду акыркы сапарга узатуу тартибин иштеп чыгуу сунушталды.

Аталган отурум жегиликтүү жаштардын демилгеси менен уюштурулуп, ага Тилекмат айылынын тургундары, ак-сакалдар, айыл башчысы менен имамы жана райондун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу катышты.

Иш-чаранын максатына ылайык, жыйындын катышуучулары көтөрүлгөн демилге боюнча өз ойлорун билдиришип, айыл тургундары менен бирге карап чыгуу чечимине токтолушту.  Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди.

“Учурда район аймагында ысырапкерчиликти жоюу аракеттери жигердүү аткарылып жатат. Ага ылайык коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзгөчө маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында ашыкча коромжу болбоого чакыруудабыз. Бул аракеттерибиздин акы бети кайтып, бүгүнкү күндө ондон ашуун айылда маркумду акыркы сапарга узатуу тартиби иштелип чыкты”,— деди  Талантбек Акылбек уулу.