Исак ажы Юнусов: Баланын таалим-тарбиясына көңүл буруу үчүн ата-энелер өздөрүнөн мүнөзүн оңдошу керек

Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгынын маданият үйүндө мектеп окуучуларынын таалим-тарбиясы боюнча ата-энелердин чогулушу болуп, ага Ак-Буура Батыш хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов «Исламда бала тарбиялоо» деген темада өз баяндамасын жасады.

«Баланы тарбиялоо үчүн ата-энелер өздөрүнүн мүнөздөрүн өзгөртүүсү керек. Баланын алдында бакырып, урушуп, ызы-чуу чыгарсаңар бала жакшы тарбияны кайдан алат? Айтылган сөзгө караганда аткарылган иш артык.  «Балапан уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат» деп бекеринен айтылынган эмес. Балаңыздын адептүү болуусу үчүн өзүңүздөрдүн жүрүм-турумуңуздарды оңдоо керек. Анткени Алма көчөтүнөн алма гана бышып жетилет. Андан башка мөмө жемиш күтпөңүздөр»,- деди Исак ажы Юнусов.