Жаштарга «Терроризм жана экстремиздин алдын алуу» боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаарындагы Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов  №24 Фрунзе орто мектебинде ата-энелер чогулушуна катышып, «Терроризм жана экстремизмдин алдын алуу» деген темада баяндамасын жасады.

«Ислам-бул жакшы кулк мүнөз. Илим алдууда адеп-ахлак маанилуу экендигин унутпоо керек. Илимдүү адам мөмөлүү дарак сыяктуу. Дарактын мөмөсү көбөйгөн сайын бутактары ийилип турат. Ар дайым адептүү болгула аркеттенгиле, урушуп талашпагыла. Анткени мусулман башка мусулман бир тууганына тили жана колу менен зыян келтирбөөсү керек»,- деди Абдулазиз ажы Абдурахманов.

 Айта кетсек, жыйынга ДИМК ТАБнын башкы адиси Эсенов Бөрүмухаммед, кварталдык комитеттин төрагалары, мектеп мугалимдери, окуучулардын ата-энелери, укук коргоо органдары жана жергиликтүү имамдар катышты.