Ош шаарындагы «Имам Аьзам» мечитинде курулуш иштери жүрүп баштады

Ош шаарындагы Ак-Буура чыгыш хатибиятына караштуу «Имам Аьзам» мечитинин короосуна намаз окулуучу жай даярдалууда. Анын курулуш иштери жамааттын көмөгү менен ишке ашырылууда.

Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып, усталарга ыраазычылыгын билдирди. 

«Ар бир жан өлүм даамын татуучу. Баарыбыз бир күн бул дүйнөдөн кош айтышып кетебиз. Бирок адамдын артынан сообу үзгүлтүксүз уланып туруучу амалдары болот. Мына бүгүн сиздер ошол амалды аткарып жатасыздар. Курулуп жаткан жайкы намаз окуучу жериңиздер бузулуп кеткенге чейин сиздерге сообу жазыла берет» -деди Абдулазиз ажы Абдурахманов. 

Айта кетсек, курулуш иштери март айына чейин бүткөрүү пландалган. Мечиттин короосунун алдыңкы тарабы жабылып, кафель басылып, килем төшөлмөкчү.