Имамдын демилгеси менен эки айылды бириктирген жол таштандылардан тазаланды


Ош шаарындагы «Качыбек» мечитинин имамы Бекмамат ажы Орозматов жана айыл башчысы менен биргеликте Качыбек менен Бирлешкен айылдарын бириктирген 2 чакырым жол таштандылардан тазаланды.

Акыр-чикирлерди тазалоо иштери жергиликтүү мечиттин жамааты катышып, мындай ишембиликти башка айылдарда дагы улантуу керектигин билдиришти.

«Мындай иш-чара былтыркы жылы да өткөрүлгөндүктөн, адатка айланып баратат. Жаштарыбыздын биримдиги жана кыймыл аракети менен 2 чакырым аралыктан бир тоннадан ашык таштанды алынды. Ислам дини жолдо зыяны тийип турган нерсени алып койуу да сооп экендигин үйрөтөт. Анткени тазалык- ыймандын жарымы» — деди Бекмамат ажы Орозматов.