Түп районунда Ханафий мазхабын жайылтуу жана радикалдашуунун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылында радикалдашууга алып келе турган терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана Ханафий мазхабын бекемдөө багытында эл менен жолугушуу болуп өттү.

Жыйынга жергиликтүү мечиттин жамааты, жаштар жана аксакалдар келип катышты. Иш-чараны Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев жана Арал айылынын имамы Жеңишбек Курманалиев уюштурду.

Белгилей кетсек, буга чейин ушундай эле түшүндүрүү иштери Түп районунун Ичке-Суу айылында өткөрүлүп, жергиликтүү тургундарга терроризм жана экстремизмди алдын алуу багытында жана Ханафий мазхабын кармануунун зарылчылыгы, аны жайылтуу менен бекемдөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.