Караколдо радикалдашуунун алдын алуу жана адептүүлүк туурасында ачык сабак өтүлдү


Бүгүн, 15-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борбордук мечитинин имамы Сардар Кененбаев калаадагы №11 М. Горький атындагы орто мектебинин жогорку классынын окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу шаардын борбордук мечитинин имамы Сардар Кененбаев билдирди.

Анын айтымында, жыйындын жүрүшүндө жаштарга экстремизм жана терроизмди алдын алуу жолдору тууралуу кенен маалымат берилип, жаштарды адептүүлүккө чакырды.

Айта кетсек, ушундай эле иш-чара кечээ, 14-февраль күнү Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылында да уюштурулуган.