Талас облусунда медреселер арасында Куран жарышы болду

Талас облусунун Бакай — Ата районундагы Бакай – Ата медресесинде Талас облустук мусулмандар казыяты тарабынан уюштурулган Курандын отузунчу парасы боюнча медреселер арасында ынтымак Куран жарышы болуп өттү.

Иш-чарага Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев, анын орун басары Касым ажы Сыдыков баштаган казыят кызматкерлери жана медресе мугалимдери катышышты.

Куран сынагына Талас облусундагы  Бакай – Ата, Халима Эне, Үркү Ата, жана Али ибн Аби Толиб атындагы медреселер катышышты. Жалпы 21 кары катышып, анын ичинен 11 жеңүүчүгө акчалай жана сертификаттар тапшырылды.

“Сынактын максаты Куранга болгон  окуучулардын кызыгуусун арттыруу. Ошондой эле Талас облус медреселер арасында окуучулардын өз ара достук ынтымагын бекемдөө. Кудай буйруса бул Куран жарышты келечекте облустук жогорку деңгелде өткөрөбүз деген жакшы ойлор бар”, – деди Медер ажы Сагынбаев.