Жалал-Абад облустук казыятында Куран жарышы өткөрүлдү

Бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад облустук казыятында Куранды толук жаттаган карылар үчүн тандоо сынагы болуп өттү. Сынака жалпысынан 18 кары катышты.  Сынакты Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков  ачып, конкурстун катышуучуларына ийгилик каалады.

Облустук сынактан калыстар тобунун чечими менен  Хашимжанов Мухтариддин жеңүүчү болуп тандалып, 2021-жылдын 20-февраль күнү Бишкек шаарында боло турган Республикалык финалдык мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алды.

“Пайгамбарыбыз (С.А.В.)  “Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнүп жана башкаларга үйрөткөнүңөр” деген. Бул сынака катышууңардын өзү эле жеңүүчү болбосоңор дагы  сыймык катары белгилениши керек. Конкурска катышуу үчүн силер жаттаган Куранды дагы  бекемдеп, бышыктап аракет кылып, Алланын ыраазылыгына жетүүгө умтулдуңар. Бирок орун бироо гана болгонун жакшы билесиңер. Ошондуктан финалдык мелдешке катышууга жетишкен Мухтариддин карыбызга ийгилик каалап, Республикада да жеңүүчү болушуна тилектешпиз”-деди Нематулла ажы.