17-февралдан тарта Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкерлердин арыздарын каттоо башталат

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши ушул жылдын 11-февраль күнү 15-протоколдук жыйынын өткөрдү. Жыйында кабыл алынган 04  Токтомго ылайык 2021-жылдын 5-апрель күнү Кыргызстан Мусулмандарынын VII Курултайы өткөрүлөт. Отурумда Борбордук Текшерүү Комиссиясынын төрагалыгына талапкерлерди «Каттоо жана аттестациялык комиссия» түзүлүп, токтом менен бекитилди.

Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкер катары катталуу үчүн коюлган талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;

2. Салтуу Ислам болуп саналган Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын карманган;

3. Жогорку финансылык билимге ээ;

4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин жетиштүү деңгээлде билген (талапкерге артыкчылык берилет);

5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;

7. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан мурда соттолбогон;

8. Эч кандай саясий партияларга мүчө болбогон;

9. Мамлекеттик финансылык кызматтарда же мамлекеттик эмес финансылык мекемелерде беш (5) жылдан кем эмес иштеген;

10. Уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар;

11. Мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн жана жаза билген Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкер катары каттала алат.

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:

1. Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;

2. Кадрларды каттоо баракчасы 4 даана ¾ өлчөмүндө сүрөтү менен (Личный листок) байланыш маалыматтары, жашаган дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);

3. Паспортунун көчүрмөсү (ID карт) ;

4. Резюме. (Илимий жетишкендиктерине, иш тажрыйбасына жана алган сыйлыктарына басым жасалат);

5. Мүнөздөмө (Акыркы иштеген мекемесинен);

6. Жогорку финансылык билимин тастыктоочу документтеринин көчүрмөлөрү;

7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү

8. Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.

Документтер төмөнкү даректе кабыл алынат:

Бишкек ш., Гоголь к. 57, КМДБнын / Муфтияттын имараты, 2-кабат. КМ Аалымдар Кеңешинин катчылык бөлмөсү.

Кабыл алуу убактысы: Ишемби, жекшемби күндөрүнөн сырткары, аптанын бардык күндөрү саат: 11:00 – 16:00.

Документтер aalymdar.keneshi@gmail.com электрондук почтасы аркылуу да кабыл алынат. Электрондук дарекке жиберүү жолу менен катталгандар документтеринин түп нускаларын (оригиналдарын) 17-мартка чейин делонун ичинде тапшырууга тийиш. Документтерди алып келген адам үчүн талапкердин ишеним каты талап кылынат.

Сурап-билүү телефону: + 996 (702) 559684; + 996 (777) 881122;

Документтерди тапшыруу мөөнөтү:

2021-жылдын 17-февралынан тартып, 2021-жылдын 17март күнү саат 18:00гө чейин.

Эскертүү: Коюлган талаптарга жооп бербеген документтер каттоого алынбайт.