Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкерлердин арыздарын каттоо башталды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши ушул жылдын 11-февраль күнү 15-протоколдук жыйынын өткөрдү. Жыйында кабыл алынган 04  Токтомго ылайык 2021-жылдын 5-апрель күнү Кыргызстан Мусулмандарынын VII Курултайы өткөрүлөт. Отурумда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкерлерди «Каттоо жана аттестациялык комиссия» түзүлүп, токтом менен бекитилди.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкерлерди каттоо үчүн коюлган талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;

2. Салттуу Ислам болуп саналган Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын карманган;

3. Жогорку деңгээлдеги диний жана светтик билимге ээ;

4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх, араб тили грамматикасын жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;

5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;

6. Мусулман коомчулугунун, үй-бүлөсүнүн, туугандарынын арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген;

7. КМДБнын курамында же расмий дин кызматкери катары 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болгон;

8. Мамлекеттик органдар тарабынан соттолбогон;

9. Саясий партиялар менен саясий кыймылдардын эч бирине мүчө болбогон;

10. Мамлекеттик жана араб тилдеринде эркин сүйлөгөн жана мына ушул тилдерде өз ой пикирин кеңири жаза алган Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкер катары каттала алат.

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:

1. Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;

2. Кадрларды каттоо баракчасы 6 даана ¾ өлчөмүндө сүрөтү менен (байланыш маалыматтары, жашаган жеринин дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);

3. Паспорттун көчүрмөсү (ID карт);

4. Резюме. (Устазынын аты-жөнү, илимий жетишкендиктери, иш тажрыйбасы жана алган сыйлыктарына басым жасалат);

5. Мүнөздөмө (ыктыярдуу түрдө);

6. Жогорку диний жана светтик билимин тастыктоочу документтеринин көчүрмөлөрү;

7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

8. Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.

Документтер төмөнкү даректе кабыл алынат:

Бишкек ш., Гоголь к. 57, КМДБнын / Муфтияттын имараты, 2-кабат. КМ Аалымдар Кеңешинин катчылык бөлмөсү.

Кабыл алуу убактысы: Ишемби, жекшемби күндөрүнөн сырткары, аптанын бардык күндөрү саат: 11:00 – 16:00.

Документтер aalymdar.keneshi@gmail.com электрондук почтасы аркылуу да кабыл алынат. Электрондук дарекке жиберүү жолу менен катталгандар документтеринин түп нускаларын (оригиналдарын) 17-мартка чейин делонун ичинде тапшырууга тийиш. Документтерди алып келген адам үчүн талапкердин ишеним каты талап кылынат.

Сурап-билүү телефону: + 996 (702) 559684; + 996 (777) 881122;

Документтерди тапшыруу мөөнөтү:

2021-жылдын 17-февралынан тартып, 2021-жылдын 17март күнү саат 18:00гө чейин.

Эскертүү: Коюлган талаптарга жооп бербеген документтер каттоого алынбайт.