Талас облусунда жаңы шайланган имамдар үчүн бир күндук окуу семинары уюштурулду

Талас облустук мусулмандар казыяты тарабынан Талас районунун «Кум — Арык» айылындагы «Али ибн Аби Толиб » атындагы медресесинде Талас облусунун бардык райондордун жаңы шайланган имамдар үчүн бир күндүк окуу семинары болуп өттү.

Семинарды облус казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, казыяттын иш башкармасынын жетекчиси Медер ажы Сагынбаев жана казыяттын үгүт — насаат жана билим берүү адиси Абдысамат уулу Өмүрзак алып барышты.

Окуунун максаты жаңы шайланган имамдардын нике журналын туура каттоого үйрөтүү ошондой эле Куран сүрөөлөрүн тажвид эрежеси менен окуу жана нике, жаназа, жума намаздарына байланыштуу фикх маселелерине көңүл бурушту.

“Имам — илим, билим жагынан сабаттуу болушу шарт. Ал үчүн ушундай семинарларды көбөйтүп, билген тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүбүз керек. Семинарда имамдарыбыз суроо-жооптору менен көп нерсени үйрөнүп башкаларга пайда беришет деген ниеттемин”, —  деди Касым ажы Сыдыков.