Манас районунда Ооган согушунун 32 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 15-февралда Талас облусунун Манас районундагы «Жеңиш» паркында Ооган согушунун 32 жылдыгына карата  эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Манас районунун акими Бектеналы Дүйшөбаев, анын орун басары Замир Курманалиев, Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев, мекеме уюмдардын жетекчилери жана Ооган согушунун ардагерлери катышышты. Эскерүү иш-чарасы алгач Ооган согушунан көз жумган баатырлар эскерилип, аларга багышталып Куран окулду.

Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев өз сөзүндө тарых барактарында бул согуштан кыргыз эли оор жоготууга учурап, мындай апаат эч болбостугун Алла Тааладан тилеп, дуба кылды.

«Ооган согушуна 7141 кыргызстандык жоокер катышкан. Ошол жерде биздин көптөгөн жаш жигиттерибизден айрылганбыз.  Алардын 300ү ошол жакта курман болгон. Кудайым эми мындан кийин оор апааттарды, согуштарды биздин мамлекетибизден алыс кылсын. Мамлекетибиз тынчтык болсун, элибиз аман болсун”,-деди Миржалал ажы.