Жети-Өгүздө кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу аймактын баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, иш-чараны “Ассанабил” кайрымдуулук фонду уюштурду. Иш-чаранын алкагында бир бодо мал жана төрт кой курмандыкка чалынып, алардын эти  жергиликтүү жакыр жашаган үй-бүлөлөргө, жети-жесирлерге жана аталган  фонд тарабынан курулуп жаткан мечиттин айланасындагы кожолуктарга таратылып берилди.

““Ассанабил”  фонду менен көптөн бери кызматташып келебиз. Бул уюм Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылында бир мечит салып, дагы бирөөсүнүн курулушуна жардам берип жатат. Мына ушул фонддун өкүлчүлүгү кайрымдуулук иштерин улантып, Кызыл-Суудагы жардамга муктаж тургундарга мал союп, этин таркатып берди. Фонддун жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз. Аллах ыраазы болсун”,— деди Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу.