Ош шаарында Ооган согушунун 32 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 15-февралда Ош шаарынын «Токтогул» паркында Ош шаардык мэриясы тарабынан Ооган согушунун 32 жылдыгына карата атайын эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, мэриядагы жалпы бөлүм жетекчилери, Ооган согушунун ардагерлери жана Ош гарнизонунун жоокерлери катышып, Ооган согушунда каза болгондор үчүн Куран окулуп дуба кылынды. 

Айта кетсек, Ооган согушу 1979-жылы 25-декабрда башталып, 1989-жылы 15-февралына чейин созулган. Ага Кыргызстандан 7 миңден ашуун жоокер катышткан. Учурда Ооган согушунун ардагерлери үчүн 6 миң сом, жараат алгандарга 7 сомдон, ал эми каза болгондордун үй-бүлөлөргө миң сомдон жардам берилип келет.