Манас районунда «Үй-бүлө баалулуктары жана ажырашууну алдын алуу» деген темада семинар өттү

Талас облусунун Манас районунун маданият үйүндө «Үй-бүлө баалулуктары жана ажырашууну алдын алуу» деген темада бир күндүк семинар болду.

Семинарды белгилүү акын Идрис Айтибаев алып барды. Иш-чарага Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев, жергиликтүү айыл тургундары жана студенттер, окуучулар катышышты. 

Азыркы учурда эң көйгөйлүү маселелерден бири жубайлардын өз ара мамилелери келишпей ажырашуулар көп болгондуктан семинар Талас облусунун бардык райондордо өтүлмкөчү.

“Идрис Айтибаев акыныбыз маданият үйүнө чогулган ата-энелерге, студенттерге, окуучуларга үй-бүлө баалулуктары боюнча кенен маалымат берип, ата-энелерге сый урмат көрсөтүүгө чакырды. Азыркы убакытта үй-бүлө маселесине көңүл буруп, ажырашууларды алдын албасак биздин жаштарыбыз көп катачылык кетирүүдө”, — деди Миржалал ажы Дадабаев.