Кадамжай районунда мечиттерди каттоодон өткөрүү маселеси талкууга алынды

Бүгүн, 16-февралда Баткен  облусунун Кадамжай районунда Баткен облусунун  мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов  жана КРнын  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов менен биргеликте, аймактагы мечиттерди каттоодон өткөрүүдө келип чыккан маселелерди жоюу иретинде жыйын болуп өттү.

Жыйынга Кадамжай районунда каттоодон өтө элек мечиттердин имамдары катышты.

Кадамжай райондук хатибиятына  караштуу каттоодон өтө элек мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүдө келип чыккан тоскоолдуктар, аны тездик менен документ иштерин иретке келтирүү маселеси талкууланды.

Ошондой эле жыйында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен  тыгыз кызматташып  мечиттердин документтерине жеңилдетүү иштери боюнча сунуштар айтылып, мунун үстүндө мечит имамынага дагы тиешелүү тапшырма берилди.