Баткен облустук казыяты Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн ыраазычылык каты менен сыйланды

Кечээ, 15-февралда Баткен облусунун  2020-жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча облустук отурум болуп өттү. Анда пандемия маалында элге кол сунуп, жакындан жардам көрсөткөн бир катар мекемелерге жана кызматкерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн сыйлыктары тапшырылды.

Алардын катарында Баткен облустук мусулмандар казыятына КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыраазычылык каты тапшырылды.

Анда төмөнкүдөй жазылат:

«Урматтуу Баткен облусунун мусулмандар казыятынын эмгек жамааты!

Өзгөчө абал учурунда чечкиндүү иш аракеттерди жүргүзүп. Баткен облусунун аймагында коронавирус илдетинин жайылышын алдын алууга, ага каршы күрөшүүгө багытталгын иш-чараларга активдүү катышып, өз милдеттериңиздерди так аткаруу менен кыйын кырдаалда жарандарга ар тараптуу көмөк көрсөтүп, үлгүлүү,  тажрыйбалуу жамаат экендигиңиздерди тастыктадыңыздар.

Сиздердин жасаган эмгегиңиздер өзгөчө кыйын кырдаалда калктын социалдык абалын жакшыртууда зор мааниге ээ болду. Бул жасаган эмгегиңиздер мактоого арзыйт.

Сиздердин ак эмгегиңиздер үчүн Баткен облусунун элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдиремин!

Ар бириңиздерге мындан ары ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бакыт, өзүңүздөргө бекем ден соолук каалаймын.

Сиздерди урматтоо менен,

Ыйгарым укуктуу өкүл, Ж.М.Жалалов»,-деп жазылат ыраазычылык катта.