Чүй облусунда Куран жарышы болуп өттү


Чүй облусунун мусулмандар казыяты тарабынан «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу мелдешинин алкагында, Ыйык Куранды жатка билген карылар үчүн 30 пара Куран боюнча республикалык мелдешке тандоо сынагы болуп өттү.

Аталган сынак Чүй облусуна караштуу Москва районунун Александровка айылындагы «Нур» мечитинде уюштурулуп, жалпысынан Куранды толук жаттаган 39 эркек жана 5 кыз карылар катышты.

Сынакты Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов ачып, калыстар тобунда Каразак Кожояров, Зикро Гапаров жана Асомидин Курбонбеков баш болгон карылар калыстык кылышты.

Сынак өтө жогорку деңгээлде өтүп, калыстар тобунун чечими менен Арашан айылындагы «Абдулла бин Аббас» Куран жаттоо борборунун окуучусу Закиров Абдулло жеңүүчү болуп тандалып, үстүбүздөгү жылдын 20-февраль күнү өтө турган республикалык мелдешке катышууга жолдомо алды. Ошону менен катар калыстардын чечими менен татыктуу деп табылган карыларга атайын грамота жана акчалай белектер тапшырылды.

«Карыкелер силер биздин башыбыздагы таажысыңар. Куранды бекем жаттап, андагы өкүмдөргө амал кылууга бекем бел байлагыла. Жаттаган ар бир аятыңар үчүн Жараткан Аллах Таала бейиште ыйык даражаларды даярдап койгон. Бүткүл ааламдын Жаратуучусунун сөзүн жаттап, аны өзгөлөргө жеткизе бергиле. Бул сынакта жеңилгендер болбойт. Силер бардыгыңар жеңүүчүсүңөр», — деди Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов.