Түпдүн Корумду айылында “Ислам жана жашоо” деген аталышта иш-чара болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкин аталган районго караштуу Корумду айылынын жаштары менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө  “Ислам жана жашоо” деген теманын алкагында баяндамасын жасап, анда ыйман, ынтымак, таалим-тарбия жана экстремизм менен терроризмдин алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бакыт ажы Кайкин өзү маалымдады. Билдирүүгө ылайык иш-чара жергиликтүү хатибият жана Корумдунун имамы  Калысбек Асанбаевдин демилгеси жана көмөгү  менен уюштурулуп, өткөрүлдү.

“Корумду айылында өткөрүлгөн кезектеги профилактикалык иш-чарабызга жергиликтүү жаштардан сырткары аксакалдар менен айыл жетекчилиги да катышты. Баарына эле кызыктуу болду деген ойдобуз. Айта кетсем мындай иш- чара буга чейин Ичке-Суу жана Арал айылдарында да уюштурулган. Анда дагы жергиликтүү тургундар активдүү катышышкан. План боюнча мындай отурумдарды райондун ар бир айылында өткөрүнү көздөп жатабыз. Ошондой эле  кудай буюрса иш-чарабызды  райондук деңгээлде да уюштурууну пландоодобуз. Азырынча бул тууралуу аймактык жетекчилик менен макулдашуу аракеттери жүрүп жатат,”—деди Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкин.