Ысык-Көл районунда оңдоп-түзөөгө муктаж болгон мечиттерди калыбына келтирүү аракеттери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Кош-Көл айылынын мечитине бардык шарттары бар, заманбап  үлгүдөгү жаңы сопукана салынып жатат. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштери Кош-Көл айылынын имамы Нурбек Асанбаевдин демилгеси менен башталып,  жергиликтүү демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосу аркылуу ишке ашып жатат. Бүгүнкү күндө жаңы салынып жаткан сопукананын дээрлик 50 пайыз курулуш иштери аяктап, калганын жыл аяганы чейин бүткөрүү пландалган.

“Буга чейин Кош-Көл айылынын мечитинде сопукана жок болчу. Кудай буюруп демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосу жана “Альфастрой” курулуш компаниясынын көмөгү менен жаңы сопукана салынып жатат. Бул башталышы гана. Алдыда район аймагындагы оңдоп-түүзөөгө муктаж болгон бардык мечиттерди тактап, имамдар менен биргеликте демөөрчүлөрдү таап, калыбына келтирели деп максат коюп жатабыз”,— деди Максат ажы Сейталиев.