Бишкекте Куран жарышы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Бишкекте өтө турган «Билимдүүгө дүйнө жарык» китеп окуу конкурсуна катышуу үчүн карылардын тандап алууда калаа казыятында атайын жарыш өтүп, ага 23 катышуучу катышты.

Калыстар тобунда Кыргызстанга белгилүү карылар: Курбанбеков Анарбай кары, Кадыров Шамшидин кары жана Акпарали уулу Абдулла кары жеңүүчүлөрдү аныкташты.  

Калыстар тобунун мүчөсү Абдулла кары Акпарали уулунун айтымында, бул жолку жарышта Куран окууну мыкты өздөштүргөн карылар көп экенин айтат.

«Бишкек шаарынан жарышууга катышкан карылардын ичинен мыктылары өтө көп экени ачык байкалды. Биз калыстар тобу бир эмес эки тур өткөрүп, чыныгы жеңүүчүнү аныктай алган жокпуз. Жалпы катышуучулардын ичинен эки карыкебиз чындыгында бекем экендиги жана экөөсүнүн да деңгээли бирдей экендиги билинди. Жыйынтыгында финалдык турга эки карыга жолдомо бердик. Чоң жарышта буюрса мыктысы аныкталат деп ойлом»,-деди Абдулла кары.  

Эки турдун жыйынтыгы менен Республикалык финалдык турга катышуу үчүн Кыргызстан Ислам университетинин студенттери Азимов Мухаммадюсуф жана Турсунбаев Мухаммадюсуф  жолдомо алышты. Республикалык тур 20- февраль күнү Бишкек шаарындагы Республикалык имам Сарахси атындагы Борбордук мечитинде өткөрүлмөкчү.