Азирети Муфтийдин убактылуу милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев “АлХалал” продукциясынын маркетинг боюнча бөлүм башчысы Эркин Мамбетов менен жолугушту

Бүгүн, 17-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин убактылуу милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев “ДилНурКейДжи” ААКнын “АлХалал” продукциясынын маркетинг боюнча бөлүм башчысы Эркин Мамбетовду кабыл алды.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышып, улуу Рамазан айында ооз ачаарлык жана кайрымдуулук иштерин уюштуруу жаатында пикир алышты.

Муну менен катар ыйык рамазан айында Муфтияттын макулдашуусу менен ооз ачуу календарын басып чыгарууну сүйлөшүп, мындан аркы кызматташуунун перспективасын талкуулашты.