Талас облустук казыяты Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыраазычылык каты менен сыйланды

Талас облусунун 2020-жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча облустук отурум болуп өттү.

Анда пандемия маалында элге кол сунуп, жакындан жардам көрсөткөн бир катар мекемелерге жана кызматкерлерге, дарыгерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн сыйлыктары тапшырылды.

Алардын катарында Талас облустук мусулмандар казыяты дагы КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыраазычылык каты тапшырылды.

“Өзгөчө абал учурунда Талас облустук казыяты дагы өз салымын кошту. Облус аймагында коронавирус илдетинин жайылышын алдын алууда, ага каршы күрөшүүгө өз көмөгүн көрсөттү. Айрыкча жардамга муктаж болгон элге кайрымдуулук иштерин жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө казыяттын эмгек жамаатынын эмгеги зор»,-деп билдиришти облус жетекчилиги.