Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев «Virtual Tour KG» чыгармачыл бирикмесинин өкүлдөрүн ыраазычылык баракча менен сыйлады

Бүгүн, 17-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев «Virtual Tour KG» чыгармачыл бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушуп, аларга КМБДнын ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Аталган бирикменин өкүлдөрү Дениса Будыло, Вадима Березин, Александр Притеев Борбор Азиядагы эң ири мечиттердин катарын толуктаган имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечиттин ички жана тышкы көрүнүшүн заманбап 3D форматын жасашып, «Google Maps” аркылуу Интернетке жүктөшкөн. Мында мечиттин жайгашкан дареги, көрүнүшү боюнча толук маалымат берилген.

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев бул эмгеги үчүн «Virtual Tour KG» бирикмесинин өкүлдөрүнө ыраазылыгын билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. Ал эми бирикменин өкүлдөрү ушундай эле эмгектерин дагы да улантышат. Жакынкы айларда Каракол шаарынын борбордук мечитин 3D форматында жасашып, «Google Maps»ге жүктөшмөкчү.

Имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечиттин ички жана тышкы көрүнүшүн ушул шилтемелер аркылуу көрүңүз.

https://www.google.com/maps/@42.8835823,74.6201035,3a,75y,194.87h,90.9t/data=!3m7!1e1!3m5!1sAF1QipNN9N8N0oof6Gxq0uOr78mtYhxaKLTUZsMMcyU5!2e10!3e12!7i12000!8i6000

https://virtualtour.kg/vrt/central-mosque/