Баткен шаарында Куран жарышы өтүп, жеңүүчү Республикалык турга жолдомо алды

Бишкекте өтө турган «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсуна катышуу үчүн Баткен облусу боюнча карылардын тандап алууда Баткен шаарындагы «Абу-Бакр Сыдык» атындагы мечитте Куран  жарышы болуп өттү.

Иш-чарага Баткен  облусунун мусулмандар  казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров, Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов катышты.

Жарышта калыс катары Абдурахман кары Гапаров, Умаркул кары Коймуратов жана башка карылар  калыстык баасын берип, жарыштын жеңүүчүлөрүн аныкташты.

Куран жарышы 30 пара Куранды жатка окуу  категориянын негизинде өткөрүлүп, жалпысынан 15 кары  катышты. Карылыр  сүрөөлөрдү көркөм, жатка айтып беришти.

Калыстар тобунун чечиминин натыйжасында 1-орундар жана кызыктыруучу орундар аныкталып, Казыят  тарабынан даярдалган белектер, сыйлыктар ыйгарылды.

Мындан улам Баткен облусу боюнча 1-орунду камсыз  кылган Урустамбек уулу Дооранбек Республикалык финалдык турга катышууга жолдомо алды. 

Жарыш соңунда калыстар тобу Кыргыз элине тынчтык, амандык, өсүп-өнүгү тилеп жана  Республикалык финалдык турга жолдомо алган Урустамбек уулу Дооранбекке ийгилик каалап, аксакалдар батасын беришти.