“Биз ичимдикке каршыбыз!” Мындай ураан менен Тоңдун жаштары жөө жүрүшкө чыгышты

Бүгүн, 17-февралда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айлында “Биз ичимдикке каршыбыз!” урааны менен жөө жүрүшкө чыгышты. Аталган акция жергиликтүү жаштар жана дин кызматкерлери  тарабынан демилгеленип, жергиликтүү бийлик менен айыл тургундары колдоого алышкан.

Иш-чаранын алкагында жүрүштүн катышуучулары Ак-Өлөңдө  спирттик ичимдиктердин сатылышына бөгөт коюуга чакырышып, айыл тургундарын сергек жашоого үндөштү. Бүл тууралуу Тоң районунун баш имам хатиби Таалай ажы Акунов билдирди.

“Буга чейин Тоң районунда спирттик ичимдиктердин сатылышын чектөө боюнча бир катар демилгелер көтөрүлүп келген. Кудай буюрса бул багыттагы алгылыктуу иштердин бири Ак-Өлөң айылынан башталып отурат. Аталган айылдын жаштары жана жергиликтүү мечиттин имамы Замир Супаев тарабынан уюштурулган “Биз ичимдикке каршыбыз!” аттуу акциясынан кийин эми ал жакта алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу боюнча чечим кабыл алына турган болду»,-деди Таалай ажы Акунов.

Мындай демилгени айыл башчысы өзү сунуштап, спирт ичимдигин сатпоо боюнча элдин макулдугун алуу багытында  кол топтолууда. Ошондой эле Ак-Өлөңдүн имамы  Замир Супаевдин айтымында, “Биз ичимдикке каршыбыз!” акциясын эстафета катары райондун башка аймактарында да өткөрүп беришмекчи.