Кара-Кулжа районунда аялдарга карата үй-бүлө баалуулуктары боюнча окуу семинары өткөрүлдү

Кечээ, 17-февралда Ош облусунун Кара-Кулжа  районуна караштуу Кашка-Жол айыл аймагындагы «Бек-Ата» мечитинде аялдар үчүн Ислам дининин асыл баалуулуктары, динибиздеги биримдик жана ынтымак, үй-бүлө маселеси боюнча лекция уюштурулду.

Иш-чарага Кара-Кулжа районунун  башкы имам хатиби Дастан ажы Мамаев, Кашка-Жол айыл аймагынын жооптуу имам хатиби Бектемир Абдыллаев жана жергиликтүү айымдар катышты.

«Курандын эң эле алгачкы аятында «Оку» деп келген. Мына ошонун натыйжасында биз аялдарга окутууларды уюштуруудабыз. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) бир хадисинде «Илим алуу бешиктен кабырга чейин» деп айтылат. Илим алуу актан караны айырмалап, бизди көп жетишкендиктерге жеткирет», -деди Дастан ажы Мамаев.