Кара-Кулжа районунда колу жука үй – бүлөлөргө акчалай жардам берилди

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаевдин демилгеси менен жума күнүнүн урматына колунда жок, жардамга муктаж жана үй шарты начар болгон 7 үй-бүлөгө 2000 сомдон акчалай жардам берилди.

Кайрымдуулук иш –чарасы хатибият тарабынан каржыланып, жалпысынан 14000 сом сарпталды.

«Садака берүү Алланын мээримине бөлөйт. Куттуу хадисте мындай деп айтылат: «Садака 70 түрдүү балээге тоскоол болот». Садака Аллах Тааланын кечиримин, мээримин тартып, пендени кут – берекеге бөлөйт. Алланын мээрим каалгаларын ачтырып, бардык жамандыктын болуусуна бөгөт коет»,-деди Дастан ажы.