Ноокаттын башкы имам хатиби Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу «Борбаш» мечитин текшерүүдөн өткөрдү

Ош облусунун Ноокат районунун башкы имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу «Борбаш» мечитинин тазалыгын, өрт коопсуздуктарын жана мечиттин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.

Иш-чарага Ноокат районунун башкы имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев, хатибият кызматкерлери, мечит имамы жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

«Жолдун жээгинде жайгашкан «Борбаш» мечитинин ишмердүүлүгү менен таанышып, тазалыгын, жылуу сууларын жана өрт коопсуздуктарын текшердик. Мындан ары башка аймактарды да ушундай таризде текшерүүдөн өткөрмөкчүбүз», — деди Музаффар ажы Турдубаев.