Ноокатта дин кызматкерлери сыйланышты

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы борбордук мечитинде айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына жыйын болуп, каттоодон өтө элек мечиттерди өткөрүү маселеси талкууланды жана 2020-жылдын мыкты кызмат көрсөткөн имамдарга баш имам хатибдин «Ардактуу дин кызматкери» деген наамы ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу иш-чарасына Ноокат районунун башкы имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев, хатибият кызматкерлери жана айыл өкмөттүн жооптуу имамдары катышты.

Иш-чарада Музаффар ажы Турдубаев каттоодон өтө элек мечиттерди өткөрүү боюнча имамдарга тийиштүү тапшырмаларды берип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

«Ош облустук казыятында  жыйын болуп, каттоодон өтө элек мечиттерди өткөрүү боюнча тапшырмалар берилген эле. Былтыр пандемияга байланыштуу каттоо иштери бир аз солгундады. Быйыл бардык мечиттерди каттоодон өткөрүүбүз зарыл. Кайрымдуулук жардам көрсөткөн имамдарга ыраазычылык билдиремин», — деди Музаффар ажы Турдубаев.