Ош облусунда Куран жарышы болуп өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Кыргызстан Ислам университети тарабынан уюштурлуп жаткан «Билимдүүгө дүйнө жарык» атту китеп окуу конкурусуна Ош облусунун атынан катышуу боюнча 25 жашка чейинки 30 пара Куранды жатка билген карылар арасында жарыш болуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Конкуруста 1-орунду багындырган жеңүүчү Анас Халматов Бишкек шаарында өтүүчү Куран жарышына жолдомо алды. Калган жеңүүчүлөргө сертификаттар, акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, орун басары Нурбек каары Орунбаев жана калыстар тобу, Куранды жатка билген карылар катышты.

«Билимдүүгө дүйнө жарык» атту китеп окуу конкурусуна жыйырмадан ашуун 30 пара Куранды жатка билген карылар катышты. Калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүнү аныктадык. Республикалык жарышты карыкебиз ийгилик менен кайтат деген ишеничтебиз», -деди облус казысы Самидин кары Атабаев.