Кара-Сууда имамдын демилгеси менен жол чырагы оронотулду

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына караштуу Фуркат көчөсүндө «Мырзаалимбай ата» мечитинин жанына имамдын демилгеси менен жол чырагы орнотулду.

Буга чейин КМДБ тарабынан демилгеленген «Адам жаны аманат» аттуу иш-чарасы Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлүп, анын натыйжасында Ош шаарынын аймагынын кире беришине жол чырак орнотулду.

Саамалыкка Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, казыяттын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана «Мырзаалимбай» мечитинин жамааты катышты.

Иш-чарада облус казысы Самидин кары Атабаев адам жаны аманат экенин баса белгилеп, колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди.

» «Адам жаны аманат» апталык иш-чарасы өз жемшин берип келүүдө. Жараткандын каалоосу менен жолдун аркы-берки тарабына өтүү үчүн атайын жол чырагы орнотулду. Имамдын айтымына караганда, жол чырагы кайрымдуу инсандар жана жергиликтүү жамааттын колдосу менен жүзөгө ашырылды», -деди облус казысы.

Жол чырагын орнотуу үчүн жалпысынан 400 000 сомдон ашуун каражат сарпталган.