Манас районунун Май мечитинде 34 даана ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду

Бүгүн, 22-февралда Талас облусунун Манас районундагы Май айылдык мечитинде ишембилик болуп өттү. Бул туурасында Манас районун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев билдирди.

Анын айтымында, мечитти курган Израйил Ибраимовдун демөөрчүлүгү менен 34 даана ийне жалбырак көчөт Бишкек шаарынан алынып келинген. Мечиттин имамы Тургуналы Молдалиев демилге көтөрүп, жергиликтүү тургундар менен биргеликте мечиттин короосу тазаланып, көп жылдык ийне жалбырактуу көчөттөрдү  отургузушкан.

«Бир жума мурун имамдарыбызга мечиттердин ичи-сырттарын, арыктарды тазалоо, отургуза турган көчөттөрдүн так күнүн белгилөө тапшырмасы берилген. Мындай аракетти биринчилерден болуп Май мечитинин жамааты баштады. Апрель айына кечиктирбестен азыртан бул көчөттөрдү отургузуп калалы деп эмгек үстүндөбүз«,- Миржалал ажы Дадабаев.