Кара-Кулжа районунда өспүрүмдөрдүн таалим-тарбиясына көңүлүп бурулуп, белектер берилди

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Токтобай Талаа айыл аймагынын Чалма айылдык жума окулуучу борбордук  мечитинде өспүрүмдөрдүн таалим-тарбиясына көңүл буруу максатында атайын баяндама жасалды. Анда үлгүлүү катышкандарга баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чарага Кара-Кулжа районун баш имамы Дастан ажы Мамаев, мечит имамы Баниман Эрмекбаев жана айылдык  аксакалдар катышып, келечек муундарга акыл насаатын айтып, аларды билим алууга, китеп окууга чакырды.

«Билимдүү жаштар жаркын коомубуздун күзгүсү. Келечектеги адептүү коом мына силерге окшогон жаштардан башталат. Андыктан аларга азыртан туура таалим-тарбия бергенге бар күчүбүздү жумшообуз керек», — деди райондун башкы имам хатиби Дастан ажы Мамаев.