Кемин районунда имамдардын билимин жогорулатууга багытталган 3 күндүк окутуу семинары аяктады


Чүй облусуна караштуу Кемин райондук хатибияттын демилгеси менен райондогу имамдардын диний билимин жогорулатуу максатта атайын окутуу уюштурулду.

Аталган окутуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Чүй облустук казыяттын бекитип берген программасына ылайык өтүлүп, имамдарды окутуу үчүн атайын Муфтият, казыят жана медреседен лекторлор чакырылган.

Окутуу жалпысынан 3 күнгө созулуп, анда төмөнкү темалар боюнча толук маалымат алышты:
1)    Жума намазын алып баруу
2)    Зекет. үшүр, фитр-садака
3)    Нике жана талак
4)    Соода-сатык
5)    Мурас
6)    Акыйда илими
7)    Таухид
8)    Аллахдын сыпаттары
9)    Ыйман жана амал
10) Тавассул
11) Тагдыр маселеси
12) Тажвид илими
13) Адеп-ахлак
14) Эл менен болгон мамилелер
15) Кеп маданияты
16) Терроризм, экстремизм жана радикализмди алдын алуу
17) Мекенди сүйүү
Аталган сабактарды имамдарга КМДБнын фатва бөлүм башчысы Рафаил ажы Татиков, «Имам Сарахси» медресесинин окутуучусу Орозмамат ажы Рустам уулу, Белек Керимов жана Чүй казыятынын окуу бөлүм адиси Инхамали ажы Эгембердиев өтүшүп, имамдардын суроолоруна жооп беришти.

Аталган окутуу Кемин шаарындагы «Көк Ойрок» мейманканасында өтүлүп, ага өз ысымын атагысы келбеген Кемин шаарынын тургуну демөөрчүлүк кылды.

Окутуу аягында имамдардан сынак алынып, аларга окутуудан өткөндүгүн тастыктай турган атайын сертификаттар тапшырылды.

Бул боюнча Кемин районунун баш имам хатиби маалымдап, бул окутуу улана бере тургандыгын баса белгиледи.

«Имамдар көпчүлүккө билинбесе да өз ара өтө көп иш кылышат. Ар дайым элдин жакшылык жана жамандыктарында болушат. Ошол учурда элге туура насаат берип, таза динди эч бир кемчиликсиз жеткирүүгө милдеттүү. Ошондуктан, биз хатибият кызматкерлери демилгелеп, атайын 3 күндүк окутуу уюштурдук. Кудайым буюрса бул окутуу имамдарга өтө чоң пайда алып келди. Эми ушу менен эле токтоп калбастан, мындан ары да бул иш-чараны уланта бермекчибиз», — деди Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев.

Өз учурунда окутууга катышкан имамдар өтө ыраазы болушуп, ушундай иш-чаралар байма-бай уюштурулуп туруусун өтүнүштү.