Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Кыргызстан Ислам университети менен биргеликте Республикалык Куран жарышын өткөрдү


Бүгүн, 20-февралда Бишкектеги Имам сарахси атындагы башкы мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Кыргызстан Ислам университети менен биргеликте “Билимдүүгө дүйнө жарык” китеп окуу конкурсунун алкагында Республикалык Куран жарышын өткөрдү.

Куран жарышына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев, Кыргызстан Ислам университетинин проректорлору жана калыстар тобунун курамында болгон Бекмуратов Рахматулло, Альжади Солих, Анарбай кары Курбанбеков, Асылбек кары Таштемиров, Абдулла кары Акпарали уулу жана Бишкек шаарынын тургундары катышты.

Иш-чаранын ачылышында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев мындай конкурсту Муфтият менен Кыргызстан Ислам университети 2008-жылдан бери өткөрүп келе жатканын белгилеп, жарышка катышкан карыларга ийгиликтерди каалады.

“Илимдин булагы Куран. Ал эми Куран Алла Тааланын сөзү. Бизге жашообузду туура жолго көрсөткөн бир гана Куран болуп эсептелет. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадисинде: “Кайсы бир коомдо адамдар Алланын мечитине чогулуп, ошол жерде Алланын китебин окуп, бири-бирине үйрөтсө мына ошол жерде Алла Тааланын тынчтыгы, бейпилдиги, мээрими, рахматы болот. Ал жерди периштелер курчап турат”,- деп айтылган. Мындан улам Куран жаттаган улан-кыздарыбыздын катары көбөйүп, элибиздин жан дүйнөсүнүн өсүшүнө, мамлекетибиздин гүлдөп өнүгүшүнө өз салымын кошкондор көбөйсүн”,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Курандын 30 парасы боюнча жарышка өлкөбүздүн аймагынан 7 кары катышты. Алар буга чейин облустар аралык Куран жарышында 1-орунду алып, Республикалык сынакка жолдомо алышкан.

Сынакка катышкан карылар:

  1. Закиров Абдулла кары Чүй облусу (“Абдулла бин Аббас” медресесин аяктаган);
  2. Турсунбаев Мухаммад Юсуф Бишкек шаары (Кыргызстан Ислам университетин аяктаган);
  3. Камилжанов Мухтариддин Жалал-Абад облусу (Сузак жамий медресесин бүтүргөн);
  4. Кадыркулов Мухамедамин Ош шаары (Абдулмутталиб кары Куран окуу борборун бүтүргөн);
  5. Анас Халматов (Ош облусу Өзгөн районунан (“Абдула Ибн Аббас” медресесин бүтүргөн);
  6. Урустөмбек уулу Довранбек Баткен облусу (“Расул Акрам” медресесин аяктап, Куранды хужрадан жаттаган);
  7. Акылбек уулу Өмүрбек Талас облусу (Бакай Ата медресесин аяктаган).

Үч саатка созулган Куран жарышынын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен төмөнкү карылар жеңишке жетишти.

1-орун Турсунбаев Мухаммад Юсуф Бишкек шаарынан,
2-орун Анас Халматов Ош облусунан,
3-орун Абдулло Закиров Чүй облусунан,
4-орун Кадыркулов Мухамедамин Ош шаары.

Эскерте кетсек, аталган орунга илешкен карылардын баары 13-мартта Бишкекте өтүүчү “Билимдүүгө дүйнө жарык” аталышындагы китеп конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде сыйлыктары тапшырылмакчы. Ошондой эле бул жарышка катышкан бардык карыларга КМДБнын жана КИУнун сертификаттары тапшырылды.