Ош шаарындагы «Эрдем» мечитинде жума намазына келген жамааттын авто унааларын тартипке салуу иштери жүргүзүлдү

Бүгүн, 19-февралда Ош шаарынын Ак-Буура Чыгыш хатибиятына караштуу «Эрдем» мечитинде имамдын демилгеси менен жол тыгындарын алдын алуу максатында жумага келген жамааттын авто унааларын тартипке салуу иштери жүргүзүлдү.

Мындай ишти өткөрүүгө ОшМУнун теология факультетинин студенттери өз ыктыярлары менен жардамга келишкен.

«Жума күнү авто унаалары менен келген шаар тургундары белгиленген жерге коюшпагандыктан жол тыгынын пайда кылчу. Иретке келбегенден улам шаар тургундарына ыңгайсыздык жаралчу. Ыктыярдуу студенттерден түзүлгөн топтун жардамы менен бул көйгөйдү чечүүдөбүз», — деди мечит имамы Мунар ажы Акматов.