Баткен шаарынын дин кызматкерлери мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланды

Бүгүн, 19-февралда Баткен шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны өткөрүлүп, күн тартибине ылайык Баткен шаарынын 2020-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар мамлекеттик кызматкерлер жана дин өкүлдөрү сыйланды.

Атап айтканда мэриянын Ардак грамотасы менен Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусов жана Баткен шаарындагы «Муаз ибн Жабал» атындагы медресенин мүдүрү Султанмурат Исраев сыйланды.

Мындай сыйлык коомчулукту ыймандуулукка чакырууда жана элди ынтымакка, биримдикке үндөп, ысырапкерчиликти азайтууда жана Баткен  шаарынын социалдык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн берилген.

Жыйын соңунда өткөн жылы жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын жыйынтыгы чыгарылып, 2021-жылга карата жасала турган иш-чаралардын мерчеми талкууланды.