Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында элди ынтымакка үндөгөн иш-чара болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Садыр-Аке айыл аймагынын Григорьвка айылындагы тургундардын ортосунда мамилени жакшыртып,  ынтымакты бекемдөөгө багытталган иш- чара уюштурулду.

Ага аталган айыл аймактын башчысы Калыс Рашев, жергиликтүү кеңештин депутаттары, аксакалдар, жаштар уюмунун өкүлдөрү жана райондун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев катышты.

Чогулуштун жүрүшүндө аталган айылда  олуттуу маселелер чыга турган болсо аны чогу-чараан, бирге чечүү сунушу киргизилип, ал  бардык катышуучулар тарабынан колдоого алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун хатибиятынын башчысы Максат Сейталиев билдирди.

“Чоголуш  жемиштүү өттү. Ортого чыккан бир катар көйгөйлүү маселелер боюнча бир пикирге келип, аларды биргеликте чечүү тууралуу макулдаштык. Мына ошондой көйгөйлүү жагдайлардын бири бул Григорьевка айылында  тийиштүү коомдук транспорттун жоктугу болчу. Атын атагысы келбеген демөөрчү тарабынан соопчулук үчүн айыл элине 40 миң долларлык автобус белекке берилди. Кудай буюрса мындай алгылыктуу иштер дагы да уланат”, — деди Максат ажы Сейталиев.