Жети-Өгүз районунун имамдары мектептердеги рекетчиликти тыюу аракетин көрүп жатышат

Кечээ, 18-февралда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылынын имамы Азат Ашировдун демилгеси менен жергиликтүү мектептин 6-11-класстарынын окуучуларына “Рекетчиликти тыюу” деген аталышта түшүндүрүү иштери болуп өттү.

Иш-чарага дин кызматкерлеринен сырткары, Жети-Өгүз РИИБнын  өспүрүмдөр арасында иш алып баруучу инспектор, мектеп директору, мугалимдер жана окуучулардын ата-энелери да катышышты.

Аталган отурумдун алкагында таалим-тарбия тууралуу баяндамалар жасалып, өспүрүмдөрдү зордук-зомбулуктан алыс болууга үндөгөн  түшүндүрмөлөр берилди. Бул тууралуу аймактын  баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирип, бул багыттагы иштер райондун башка айылдарында да улана турганын маалымдады.

“Тамга айылында өткөн бул жолугушуудан кийин айылдын имамы Азат Ашировдун сунушуна ылайык ар бир айда эки ирет 5-11-класстын окуучулары  арасында руханий азык боло турган “Адеп-ахлак” деген теманын алкагында  ачык сабак өтүп туруу чечими кабыл алынды. Ошондой эле бул иш-чарага удаалаш райондогу Тилекмат айылынын А. Алтымышбаев атындагы орто мектебинде  да жаштар арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүрдү»,-деди Талантбек Акылбек уулу.