Алай районунда Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

Ош облусунун Алай районунун башкы имам хатиби Тиллабай ажы Кадыров Ооган согушунун ардагерлеринин 32 жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанаттуу маарекеге катышып, мекенди коргоо, ага кызмат кылуу жана мамлекеттин бүтүндүгү боюнча кеп салды.

Ошондой эле Ооган согушунан кайтпай калган мекендештерибиздин урматына багыштап Куран окуду.

Иш-чарага Алай районунун акими Алтынбек Болбуров, администрация кызматкерлери, ИИМдин өкүлдөрү,  ардагерлер жамааты жана жергиликтүү тургундары катышты.

Иш-чара соңунда «Перити Коал» уюмунун жетекчиси Бердибай Пиримов тарабынан 40 ардагерге 40000-50000 сомдук азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү.